Сузак: Жол кырсыгынан эки айлык наристе чарчап калды, 14 адам ооруканага түштү

Дисклеймер: Видеодо үрөй учурган кадрлар бар. Эгерде мындай тасманы көрүүдө өзүңүздү начар сезсеңиз, анда көрбөй коюуга чакырабыз.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жол кырсыгы катталып, эки айлык наристе чарчап калды. Дагы 14 адам ар кандай жаракаттарды алып ооруканага түштү.

Маалыматка караганда, кырсык 19-июлда саат 12:00 чамасында болгон. Анда «Тойота Альфард» унаасы катуу ылдамдыкта бара жатып алдында бараткан оор жүк ташуучу унааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен «Тойота Альфарддын» айдоочусунун эки айлык наристеси жеринде каза тапкан. Ал эми 14 жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Учурда териштирүү жүрүп жатат.