Жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуларга жазаны күчөтүү сунушталды

Кыргызстанда мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата жаза күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, айып санкциялары тууралуу мыйзам долбоору даярдалып, министрлер кабинети тарабынан жактырылган. Ушул тапта парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн.

«Эгер мас абалында унаа башкарып баратып биринчи жолу кармалса үч жылга [айдоочулук күбөлүктөн] ажыратылат. Эгер үч жыл аралыгында дагы мас абалында колго түшсө, анда административдик камакка алуу колдонулат», — деди Исраилов.

Анын айтымында, документке ылайык, 10 жылдан баштап өмүр бою айдоочулук күбөлүктөн ажыратууга чейинки каралар каралган. Мындай чара эгер айдоочу мас абалында жол кырсыгына кабылып, материалдык чыгымга учураткан болсо колдонулат.

«[Мындай учурда] айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу 10 жылды түзөт. А эгер мас айдоочунун кесепетинен кол кырсыгы болуп, жабыркагандар бар болсо [айдоочулук күбөлүктөн] өмүр бою ажыратылат», — деди ал.

Исраилов айдоочу бир жыл ичинде беш жолу катарынан жол эрежесин бузса же үч жолу одоно бузуу катталса (каршы тилкеге чыгуу, ашып өтүү, жол чырак тыюу салган жарык күйгөн кезде өтүү ) кайрадан автомектепте жөнөтүлүп, сынак тапшырарын кошумчалады.

«Сынакты кайра тапшырууга эки ай убакыт беребиз, эгер тапшыра албаса айдоочулук түбөлүк жокко чыгарылат жана автомектепти кайрадан окуйт», — деп айтып берди ЖКККББнын башчысы.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун маалыматына ылайык, 2022-жылдын башынан бери айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 310 502 адам сынак тапшырган, анын ичинен 241 186сы (78%ы) сынактан кулап калган.

Материалдын автору: Жаркынай Женалиева