Талас: Дарыядан 16 жана 18 жаштагы бир туугандардын сөөгү табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы дайынсыз жоголгон бир туугандардын сөөгү 20-июль күнү, таң эрте Талас дарыясынан табылганын кабарлады.

Сүрөт: ӨКМ

Мекеменин маалыматына ылайык, 19-июлда ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө Талас облусунун Покровка айылынын тургундары, бир кыз бир бала жоголгону тууралуу маалымат түшкөн.

«Издөө иштерине ички иштер органдарынын 15 кызматкери, ӨКМдин Манас райондук бөлүмүнүн 5 куткаруучусу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында, 11:20 чамалуу кыздын сөөгү Талас дарыясына калкып чыкканда табылган. Ал эми бир жарым сааттан кийин куткаруучулар баланын сөөгүн суунун түбүнөн алып чыгышкан», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Ошондой эле, азыркы тапта өспүрүмдөрдүн өлүмүн укук коргоо органдары иликтеп жатканы кабарланды.

Материалдын автору Кайрат Бердишалиев.