«Милициянын арасында да айбандар бар». Акылбек Жапаров 13 жашар кыздын окуясы боюнча үн катты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки милиция кызматкери тарабынан сексуалык зомбулукка кабылган окуучу кыз боюнча да пикирин айтты. Азыр иш сотто каралып жатат, бирок кыздын ата-энеси милиция кызматкерлери жазадан кутулуп кетет деп кооптонууда.

«Милициялардын арасында дагы жанагындай айбандар болот экен. Мен “өлүм жазасын алып коелу, демократиялык өлкө болобуз” дегенде атайын кат жазып кайрылдым эле Аскар Акаевичке. Мындай нерселер кечиримсиз болуш керек. Кечээ Башкы прокурор, Жогорку соттун төрагасы жана күч структуралары менен дагы бул боюнча өзүбүздүн иш-чара, механизмдерди ишке киргиздик. Мына сиздер эки айбан милиционерлер жөнүндө айтып жатасыздар, ага сөз жок, бирок ошол эле убакта бир милиционер күйүп жаткан жерден, бирөө чөгүп жаткан жеринен куткарып чыкты. Эми арасында болот экен, бирок биз буларга чара көрөбүз», — деди Жапаров 5-июлдагы бейформал жолугушууда.

Анын айтымында, ички иштер министрлигинде реформа жүрүп жатат — ал бул окуя боюнча ички иштер министри Улан Ниязбеков менен жекече жолугууну убадалады.

«Колунан келген аракеттерди жасап жатат. Азыр 2400 участкада, 2400 участковый болот жылдын аягына чейин. Бишкек менен Ошту жаап бүттүк. Участковыйларга биз атайын планшеттерди алып берип, бүт өзүнүн участкасында, жакшы-жаманды, жаман окуяларды караганга мүмкүнчүлүк түздүк. Реформа жылдын аягына чейин барат. Азыр ТИЗОлорго камералар коюлду, бүгүнкү күнү бүт РИИБ, борбордук аппарат дагы көзөмөлдөп жатат», — деп билдирди Жапаров.

Ошол эле учурда, минкаб төрагасы ЖМКдагы «суук кабарлар» Кыргызстандагы туризмге терс таасирин тийгизип жатканын айтты — анткени мындай учурда туристтер башка өлкөлөрдү тандап кетип жатат. «Суук кабар» деп Жапаров 13 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу жаңылыкты мисал келтирди.

Буга чейин минкабдын төрага орун басары Эдил Байсалов айрым ЖМКды «күн сайын жана саат сайын» бүлкүл Кыргызстанды «стресске түшүрүп, маалыматтык террор» кылып жатат деп айыптаган. Ал Твиттер барагына өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча маалыматка «муну жазып кайгыны жайылтуунун эмне кереги бар?» деген комментарий жазып, ойлонуп отурган быйтыкча да кошуп койгон. Байсаловдун жазганы соцтармак колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан.

Мектеп окуучусун милиция ызматкерлери бир жылга жакын зордуктап жүргөнү коомчулуктун Кыргызстандагы кыздар менен аялдардын коопсуздугун камсыз кылуу талабын дагы бир ирет козгоду. Ал тургай, активисттер ИИМдин алдына митингге чыгып, кыздарга жана аялдарга карата зомбулукту токтотууну талап кылышты.

Сексуалдык зомбулук көргөн 13 жаштагы кыз

Февралдын аягында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки милиция кызматкери кармалган. Бул ишке жалпы төрт киши айыпталып жатат. Бир күн мурда ЖМКда бул иштин таржымалы чыгып, кыз дээрлик жарым жыл бою зордукталып жүргөнү белгилүү болду.

Учурда эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарында иштеген кароолчу сот жообуна тартылышы мүмкүн. Ошондой эле окуучу кызды зордуктоого шектелген официант балага карата козголгон иш териштирилип, иштин материалдары сотко өткөрүлгөн. Кыздын жакындары шектелип жаткан милиция кызматкерлери жоопкерчиликтен кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулап жатат.

Тема боюнча: Эки милиция кызматкери 13 жашар кызды бир жылга жакын зордуктап жүргөн деп айыпталууда

Эдил Байсалов жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстандын элин «стресске түшүрдү» деп айыптады