13 жашар кыздын зордукталышы: Президент Жапаров мындай «терс көрүнүштөрдү» кескин сындайт

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча Садыр Жапаровдун позициясын билдирди. Бул иш боюнча төрт адам шектүү катары өтүп жатат, экөө милиция кызматкери.

Султанбаев бул иш «коомчулукту катуу дүрбөткөнүн» белгиледи.

«Азыркы учурда иш соттун кароосунда, адилеттүү жаза берилет деп ишенебиз. Бул акмактардын аракети эч кандай актоого же кандайдыр бир жагдайларды эске алып жазасына жеңилдик берүүгө жатпайт. Мындай зөөкүрлүккө баргандар мамлекеттик системада иштебеши керек. Коомчулук мындай акмактардан тазаланышы керек. Президент Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындайт», — деп жазды ал Фейсбук барагында.

Эрбола Султанбаевдин билдирүүсүнөн скриншот.

Президенттин басма сөз катчысы мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында мындан ары дагы өз тарабынан бардык аракеттерди көрөрүн кошумчалады.

13 жаштагы кыздын зордукталышы

Февралдын аягында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки милиция кызматкери кармалган. Бул ишке жалпы төрт киши шектелген. Бир күн мурда ЖМКда бул иштин таржымалы чыгып, кыз дерлик жарым жыл бою зордукталып жүргөнү белгилүү болгон.

Учурда эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарында иштеген кароолчу жоопко тартылышы мүмкүн. Ошондой эле окуучу кызды зордуктоого шектелген официантка карата козгон ишти териштирүү да аяктап калган.

Иштин материалдары сотко өткөрүлгөн. Кыздын жакындары шектелип жаткан милиция кызматкерлери жоопкерчиликтен кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулашууда.

5-июлда өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу маалыматтар тараган шартта ИИМдин имаратынын алдында кыздар жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг өткөн. Акциянын катышуучулары аялдардын укугун коргоону, анын ичинде ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

Ал эми депутат Дастан Бекешев ички иштер министри «ушул сыяктуу жапайычылык окуялардан жыйынтык чыгарбай, ишин кадимкидей эле улантып жатканын» билдирген. Министрликтен болсо депутатка мекеме көрүп жаткан чараларга карабастан өлкөдө аялдарга карата зомбулук фактылары көп экенин айтып жооп беришкен.

Ошол эле күнү жарандык активисттер жана аялдар уюмдарынын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алар президенттен аялдарга карата зомбулук фактыларынын көбөйүп жактанына көңүл бурууну суранышкан.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун администрациясы кайрылууга жооп берип, «мындай трагедиялык окуялар бул багыттагы иштерди дагы да күчөтүү керектигин айгинелеп турат» деп жооп беришкен.

Өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча кийинки сот отуруму 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтөт. Ошол эле күнү соттун имаратынын алдында балдарга карата зомбулукка каршы митинг өтөт.

Тема боюнча: Бишкек: 13 жашар кызды зордуктоо ишине байланыштуу милиция кызматкери кармалды

Зомбулук көргөн 13 жаштагы кыздын ата-энеси тергөөдөгү мыйзам бузуулар тууралуу айтып берди