Чоң-Алайга бир жарым миң памирлик кыргыз көчүрүлүп келет

Сүрөт: Элвира Султанмурат кызы

2022-2024-жылдар аралыгында Ооганстандын Кичи жана Улуу Памир аймагынан 1,5 миң этникалык кыргызды көчүрүп келүү пландалууда. Бул тууралуу 25-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Министрдин маалыматына ылайык, этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү жана жайгаштыруу иштерине мамлекеттик бюджеттен 244,5 миллион сом каралган.

Ошондой эле министр этникалык кыргыздар үчүн үй курууга Ош облусунун Кашка-Суу айылынан 70 гектар жер бөлүнгөнүн белгиледи. Аны менен катар бөлүнгөн аймакка 30 турак-жай куруу пландалганын кошумчалады.

Садыр Жапаров 2021-жылдын 4-апрелинде Алай районундагы Талды-Суу айылына Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринен көчүп келген этникалык кыргыздар менен жолуккан.

Анда өлкө башчысы Памирде калган кыргыздарды мекенине көчүрүү, жумушсуздук маселесин чечүү, жарандык берүүнү тездетүүнү убадалаган.

2021-жылы 28-апрелде Талды-Сууда жашаган 44 этникалык кыргызга жарандык берилген. Андан сырткары президент Чоң-Алайга көчүрүлүп келиши мерчемделип жаткан оогандык кыргыздарга да турак жай куруларын билдирген. Учурда Талды-Сууда 11 үйдө 17 үй-бүлө жашап жатат.

Этникалык кыргыздар

Памирлик кыргыздар алгач 2017-жылы Нарын облусуна көчүрүлгөн. Алардын айрымдары бир жылдан кийин Ооганстанга кайра көчүп кеткен. Калган бөлүгү 2019-жылы Алайга жайгаштырылган.

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 памирлик кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

Арадан жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Алар кайтып келбегендигин Кыргызстандагы начар жашоо шарты жана жаңы элге сиңишип кете албагандыктары менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми кийинчерээк Нарынга дагы бир-нече үй-бүлө өз алдынча көчүп келген.

Кийинчерек 2019-жылдын декабрь айында Алай районунун Сары-Могол айылына Ооганстандан он бир үй-бүлө көчүп келген. Алар эски мектептин имаратына жайгаштырылган.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.