Равшан Жээнбеков: Жогорку сот Next TV’нын материалдарын экстремисттик деп тапты

Жогорку сот Next TV телеканалынын материалдарын экстремисттик деп тапты. Бул тууралуу аталган телеканалдын ээси Равшан Жээнбеков Фейсбук барагына жазып чыкты.

Анын айтымында, Жогорку соттун судьялары Нурмамбет Эшалиев, Жамалкан Исакова жана Дилбар Кулматова буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырышты.

«Бүгүн Жогорку сот Ташиев башында турган УКМКнын Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөнбиевге карата жасалма түрдө козгогон кылмыш ишин мыйзамдаштырды», — деп жазды саясатчы.

Мурдарак, 29-мартта, Бишкектин Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын азырынан кийин Next TV телеканалынын материалын экстремисттик деп тапкан. Прокуратуранын телеканалды жаап, эфирден алып салуу тууралуу экинчи суранычын сот канааттандырган эмес.

Көзөмөл органы «Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин экс-башчысы А. Мусаев Кыргызстан менен Тажикстан жашыруун түрдө Орусияга аскердик колдоо көрсөтүүгө даяргын билдиришти деп айтты» деген аталыштагы материалды экстремисттик деп табууну суранган. Материалды телеканал өзүнүн соцтүйүндөрдөгү барагына жарыялаган.

Ошол эле учурда журналисттер Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин экс-башчысы Альнур Мусаевдин билдирүүсүн келтиришкен. Аталган маалыматты кийин Кыргызстандын Коргоо министрлиги төгүндөгөн. Телеканал соцтүйүндөргө Мусаевдин сөздөрүнөн цитата жарыялаган болчу.

Бул материалга байланыштуу иш боюнча УКМКнын кызматкерлери мурдараак Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевди кармашкан. Ал «Улуттар аралык кастыкты козутууга» шектелип жатат.

18-июлда Биринчи май райондук соту телеканалдын директорун 3-августка чейин абакта калтырган. Ал 2022-жылдын мартынан бери камакта кармалууда.

УКМК телеканал соцтүйүндөр аркылуу «Кыргызстан Украинанын аймагындагы атайын операциянын алкагында Орусияга аскердик колдоо көрсөтө турганы боюнча келишим жетишилди деген жалган маалымат» тараткан деп түшүндүргөн.

Тема боюнча окуңуз: Адвокаттар Next TV’нын директоруна кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун билдиришти