Next TV иши: Сот жарыяланган макаланы экстремисттик деп тапты, каналды жабуу өтүнүчүн четке какты

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Башкы прокуратуранын арызынын негизинде козголгон Next TV телеканалынын ишин карады. Бул тууралуу «Клоопко» райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук сот 2-3-март күндөрү телеканалдын социалдык тармактагы барагына жарыяланган Украинадагы согушка байланышкан маалыматты экстремисттик деп тапты.

Ал эми телеканалды жаап, көрсөтүүлөрүн башка булактарга жарыялоого тыюу салуу жөнүндөгү көзөмөл органдын экинчи өтүнүчүн канааттандырган жок.

Буга чейин, 22-мартта Биринчи май райондук соту Next TV телеканалынын кеңсесине кирүүгө тыюу салуу боюнча тергөө учурунда кабыл алынган чечимди күчүндө калтырган.

Next TV’га козгологон иш

28-марттагы соттук отурум. Сүрөт: 24.kg

Next TV’га карата иш телеканал Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин экс-башчысынын «Кыргызстан менен Тажикстан жашыруун түрдө Орусияга аскердик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти» деген билдирүүсүн жарыялаганы үчүн козголгон.

Ал эми Кыргызстандын Коргоо министрлиги бул маалыматты четке кагып, кыргыз аскерлерин өлкө сыртында болуп жаткан кандайдыр бир аскердик окуяларга катыштыруу планы жок экенин билдирген.

Бул иш боюнча УКМКнын кызматкерлери телеканалдын кеңсесине мөөр басып, директору Таалай Дүйшөнбиевди кармап кеткен.

Дүйшөнбиевге карата «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту да колдогон.

Саясатчы жана Next TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиевди коргоп билдирүү кылган. УКМК телеканалды жабуу үчүн ага бир нече ай бою басым кылганын айтып берген.

Тема боюнча:

Next TV’нын иши: Сот телеканалдын кеңсесине кирүүгө тыюу салган чечимди күчүндө калтырды

Сот Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевди абакта калтырды