Адвокаттар Next TV’нын директоруна кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун билдиришти

Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин иши сотко өттү, 14-июлда биринчи соттук угуу болот. Бул тууралуу басма сөз жыйында жактоочу Акмат Алагушев билдирди.

Юрист Дүйшөмбиев «Расалык, этникалык, улуттук диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен социалдык тармактардагы маалымат үчүн айыпталып жатканын белгиледи.

Адвокат психологиялык-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна нааразы, анын айтымында, экспертиза бир күндө эле өткөрүлгөн.

«Негизи эле экспертизаны бир күндө өткөрүп коюу мүмкүн эмес, бул реалдуу эмес, экспертиза мынтип жүргүзүлбөйт, — деп белгиледи ал.

Ал арада жактоочунун кесиптеши Тимур Султанов көз карандысыз лингвист-эксперттер улуттар аралык кастыкты козутуучу эч кандай элементтерди таба алышпаганын кошумчалады.

Султанов Дүйшөнбиев 5 айдан бери камакта экенин дагы кошумчалады. Ал өлкөнүн тарыхында биринчи жолу журналист улуттар аракылык кастыкты козутууга айыпталып, узактан бери камакта болуп жатканын белгиледи.

«Бул прецедент абдан кооптуу, себеп дегенде бүгүнкү күндө кандай гана басылма, кайсыл гана блогер же активист болбосун жарыялаган публикациясы үчүн ушундай куугунтукка кабылып калышы ыктымал», — деп баса белгиледи юрист.

Султанов Таалай Дүйшөнбиевге карата кылмыш иши мыйзамсыз жана негизсиз козголгон деп эсептейт.

Таалай Дүйшөнбиевдин кармалышы

Next TV’нын директору Таалай Дүйшөнбиев 3-март күнү кечинде кармалганы белгилүү болгон. УКМКнын версиясына ылайык, Next TV соцтүйүндөр аркылуу «Украинанын аймагындагы атайын операцияда Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтө турганы боюнча келишимге жетишилди деген жалган маалымат тараткан».

Сөз «Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин экс-башчысы А. Мусаев Кыргызстан менен Тажикстан жашыруун түрдө Орусияга аскердик колдоо көрсөтүүгө даяргын билдиришти деп айтты» деген аталыштагы материалы тууралуу болгон, материал телеканалдын социалдык тармактардагы барактарына жарыяланган.

Дүйшөнбиевге карата «Аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтырган.

Андан соң прокуратура соттон Next TV телеканалынын Казакстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчисинин айткандарына таянып жарыялаган материалын экстремисттик деп табууну суранган. Андан тышкары, көзөмөл органынан телеканалдын эфирге чыгуусун токтотуп, материалдарын башка ЖМКларга жарыялоого тыюу салууну суранышкан.

Дүйшөнбиев 2022-жылдын март айынан бери камакта.