Бишкек: Уурдалган телефондорду чет өлкөгө алып чыгып сатып жүргөн УКТ мүчөлөрү кармалды

Бишкек ШИИБнин кызматкерлери уурдалган гаджеттерди сатуу боюнча эл аралык каналды жолго койгон кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жалпы 11 шектүү кармалды. Кармалгандардын үйүн тинтүүдө 1 700дөн ашык уюлдук телефон, жети ноутбук жана беш планшет алынган.

ШИИБден кармалгандар жеке маалыматтарды, сериалык номерлерди өзгөртүүгө, IMEI-коддорду бузууга жана Mi Cloud, iCloud жана Google Account’ту ачуу боюнча адистикке дагы дасыккан деп шектелип жатышканын билдиришти.

Бул факты боюнча төмөнкү беренелер боюнча кылмыш иштери козголду: «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)», «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» жана «Урдоо».

Сотто кармалгандардын алтоосуна ТИЗОдо кармоо баш коргоо чарасы кабыл алынып, калганы үй камагына чыгарылган.

Шаардык милициянын маалыматына ылайык, буга чейин дагы гаджеттерди уурдап, чет өлкөгө ташуу учурлары катталган. Бишкек ШИИБи Казакстандын полициясы дагы Алматыда эки шектүү кармаганын билдирди. Алардан Кыргызстандын аймагында уурдалган телефондор табылган. Коңшу өлкөнүн полициясы Бишкектеги кесиптештерине 46 телефонду өткөрүп берген.

Шаардык милиция телефондордун бир бөлүгү өз ээлерине кайтарылганын белгиледи.

Материалдын автору Жаркынай Женалиева.