Ош: Айдар Бакыев мэрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды

Айдар Бакыев

Айдар Бакыев Ош мэринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 27-июлда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка калаа башчысы Алмаз Мамбетов кол койгон.

Айдар Бакыев 52 жашта. Ош облусунун Алай районунда туулган. Ага «Кыргыз жаратылышты коргоо фонду» жана «Алай жаратылышты коргоо фонду» коомдук бирикмелери катталган.

Бакыев 2021-жылы Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоолорго «Ынтымак» партиясынын алдыңкы катарында катышкан.

Өткөн жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоону БШК жокко чыгарган — мындай чечим добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берген массалык бузуулардан улам кабыл алынган.

Ал эми 11-июлга кайра шайлоо дайындалган. Үгүт иштери жүрүп жаткан учурда Ош ШИИБи добуш сатып алууга шектеп үч адамды кармаган — алардын арасында «Ынтымактын» талапкери да бар эле.

Кийнчерээк «Ынтымак» партиясы шайлоого катышуудан баш тартууга аргасыз болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Ынтымак» партиясы Ош шаарында шайлоого катышуудан баш тартууга аргасыз болду. Эмне үчүн?