«Ынтымак» партиясы Ош шаарында шайлоого катышуудан баш тартууга аргасыз болду. Эмне үчүн?

«Ынтымак» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев

«Ынтымак» саясий партиясы 11-июлда Ош шаардык кеңешине өтчү шайлоого катышпайт. Тиешелүү чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 9-июлда өткөн отурумунда кабыл алынды. Партия «Жалпы иш» коомдук фонду жазган арызга байланыштуу шайлоого катышуудан баш тартты.

Аталган фонддун өкүлү Канышай Мамытова отурумда билдиргедей, «Ынтымак» партиясынын талапкери жана өкүлдөрү добуш сатып алууга шектелип кармалганына карабай, Ош шаардык аймактык комиссиясы партияны шайлоодон четтетүүдөн баш тарткан. Мындан улам коомдук фонд БШКга кайрылган.

«“Ынтымак” партиясынын өкүлдөрүнүн добуш сатып алуу аракеттери боюнча толук далилдердин болгондугуна карабастан Ош шаардык АШКсы эскертүү берүү менен гана чектелди. Биз БШКдан аталган саясий партияны шайлоодон четтеттүүнү талап кылабыз», — деди Мамытова.

Ошондой эле, отурумга «Ынтымак» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев да катышып, БШКдан Ош шаардык аймактык комиссиясынын чечимин колдоп берүүнү суранды.

«Эми ал талапкер [Бахадир Латиханов — ред.] ошондой жолго барыптыр, бирок мен анын ошондой жолго бара турганын эч качан билген эмесмин. Мен ал кишини тизмеден чыгаргыла деп буйрук бергенмин. Ал чыгарылган. Сиздерден сураныч мага үч күн убакыт бериңиздер, мен ИИМге сурам кат жөнөтөм, эгер партиянын ишинде мыйзам бузуу болсо анда өзүм шайлоого катышуудан же уткан жана утулган учурда анын жыйынтыгынан баш тартам», — деди Маматалиев.

Ал эми боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайылдабекова ар бир саясий партия талапкерлердин жана өкүлдөрдүн аракеттери үчүн жооптуу экендигин эскертип, «Ынтымак» партиясын шайлоодон чететтүүгө добуш сатып алуу аракеттери негиз болоорун айтты.

Отурумдун аягында Маматалиев эгер БШК Ош шаардык аймактык комиссиянын чечимин колдобосо, анда партияга Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуудан баш тартууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранды. Аталган арызды Боршайкомдун мүчөлөрү карап, канаттандыруу чечимин кабыл алышты.

«Айрым партияларга каршы тандалма күрөш жүрүүдө»

10-июлда «Ынтымак» саясий партиясынын фейсбук баракчасына партия шайлоого катышуудан баш тартканы тууралуу маалымат жарыяланды. Анда мындай чечимди Маматалиев кабыл алгандыгы жазылган. Ошондой эле билдирүүдө Маматалиев «Ошто мыйзамсыздык жүрүп жатат жана айрым партияларга каршы тандалма күрөш жүрүүдө» деп белгилеген.

«Буга Ош шаарында биздин талапкерлердин бирине каршы уюштурулган чагымчылдыкты мисал катары келтирсек болот. Ушул нюанстардын бардыгын эске алып, биздин команда катышуудан баш тартууну чечти. Биз өзүбүздүн имиджибизди жана жүзүбүздү, биринчи кезекте, шайлоочуларыбыздын алдында сактап калгыбыз келет», — деген ал.

«Ынтымак» партиясынын добуш сатып алуу аракети

7-июлда Ош шаардык милициясы добуш сатып алууга шектеп үч киши кармаган.

Шектүүлөрдүн жанынан 115 миң сом табылып, алардын бири жергиликтүү кеңешке талапкер болгону аныкталган. Мындан улам талапкер 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция кармалгандарды «И.Х.», «Р.Ш.» жана «Л.Б.» инициалдары менен белгилеген. Шайлоого катышкан талапкерлердин тизмесинде «Л.Б.» инициалдарына Бахадир Латиханов туура келет — ал «Ынтымак» партиясынын тизмесинде 17чи болуп турат.

11-июлда Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтөт.

Ош шаардык кеңешине «Ынтымак» партиясы катышпай турганын эске алганда сегиз партия ат салышат: «Улуу-Журт», «Бир бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Биздин Кыргызстан», «Келечек-Будущее» жана «Нур» партиялары.

Ал эми буга чейин 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы БШК жокко чыгарган. Мындай чечим добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берген бузуулардан — добуш сатып алуу, админресурс, шайлоочуларды жапырт катоодон — улам кабыл алынган.

Тема боюнча:

Ош шаардык кеңешине талапкер добуштарды сатып алууга шектелип кармалды

Ошто добуш сатып алууга шектелип үч киши кармалды. Алардын жанынан 115 миң сом табылган

Ош ШИИБи: Шайлоочуларга 1 500 сомдон тараткан киши кармалды