Ысык-Көлдө пирстен секирип моюн омурткасы сынган бейтаптардын саны көбөйгөнү айтылды

Улуттук госпиталдын дарыгерлери Ысык-Көлдө пирстен секирип жабыркагандардын саны көбөйүп жатканына тынчсызданышууда. Алар «Клоопко» маек куруп, бир аптанын ичинде эле моюн омурткасы сынган беш бейтап келип түшкөнүн, алар 14 жаштан 25 жашка чейнки өспүрүмдөр жана жаш жигиттер экенин билдиришти.

Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Жүзүмалиева АКИpress басылмасына курган маегинде мындай жаракат адамдын өмүрү үчүн бдан кооптуу болушу мүмкүндүгүн айткан.

«Чоң жумуш кылып жатабыз, бирок жыйынтыгы аз — бул коркунучтуу патология. Омураткасына доо кеткен адамды дүйнө жүзү боюнча бутуна тургузууга мүмкүн эмес. Мындай учурлардын 95%ы өлүм менен аяктайт», — деди ал.

№1 нейротравма бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Эсенбаевдин айтымында, маселе эс алууга баргандар секирерден мурда суунун алды кандай экенин карабай эле башы менен кирип кетип жатканында.

«Ал жерде арматура, таш болушу мүмкүн. [...] Сезон ичинде ондогон бейтап келип түшөт. Жайкысын жалаң жаштар келип түшкөн эпидемия башталат. Балдар гүлдөп турган кезинде майыпка айланат. Ошондуктан сураныч, башыңар менен ылдый секирбегиле, же анын алдында суунун алды кандай экенин, эки жакты карап текшерип койгула. Эс алуучулар сууда баратып деле кагышып кетип жатпайбы. Албетте, врачтар жогорку квалификациядагы жардам көрсөтөт, операция жасайт. Бирок операция күтүлгөн жыйынтыкка алып келбеши мүмкүн, адам өмүр бою майып болуп калышы мүмкүн. Пирстен секирүү өлүм менен аяктаган учурлар деле кездешет», — деп кайрылды Эсенбаев.

Дарыгер адамдар ден-соолугуна кайдыгер экенин, пляждык сезон ачылары менен бейтаптардын саны көбөйөрүн дагы белгиледи. Ал ооруканада үчүнчү жандандыруу бөлүмү ачылганын, бирок ал жерде да орундар жетишсиз боло баштаганын кошумчалады.

Негизги беттеги сүрөт: «Жалын» пансионаты

Материалдын автору Кайрат Бердишалиев.

Дагы окуңуз:

ӨКМ: Ысык-Көлдө 14 жаштагы өспүрүм жана 19 жаштагы киши сууга чөгүп кетти

Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен төрт жашар кыз изделүүдө

Бостериде 25 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти

Ысык-Көлдө моторлуу кайык коюп кеткен аял ооруканага жаткырылды