ӨКМ: Ысык-Көлдө 14 жаштагы өспүрүм жана 19 жаштагы киши сууга чөгүп кетти

29-июнда Ысык-Көлдө эки адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, окуя Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Липенка айылында болгон. Сууга чөгүп кеткендердин бири 14, бири 19 жашта болушкан.

ӨКМдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшөр замат Каракол шаарынан беш, ӨКМдин Жети-Өгүз райондук бөлүмүнөн эки куткаруучу окуя болгон жерге чыгып кеткен. Саат 18:20 чамасында куткаруучулар эки сөөктү тең жээкке чыгарып, жакындары жана милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Эл арасында сууга чөгүп бараткан адам кол булгап жардам сурап кыйкырат деген миф бар. Бирок ИИМдин маалыматына ылайык, чөккөн адам кыйкыра албайт — андайда аба жетпейт, чамасы жетпейт.

Биздин ТикТок каналыбыздан сууга чөгүп бараткан кишинин белгилер кандай болорун көрсөңүз болот.

@kloopnews

Вы не боитесь плавать?

♬ оригинальный звук - kloopnews

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.