Ысык-Көлдө моторлуу кайык коюп кеткен аял ооруканага жаткырылды

Ысык-Көл облустук милициясынан 15-июлда «Көгүлтүр Ысык-Көл» пансионатында аттракциондук парашютту тарткан моторлуу кайык эс алуучуну коюп кеткенин маалымдашты. Кайыктын арткы калагы аялдын оң бутун кесип кетти. Ал ооруканага жаткырылды.

Милициянын маалыматына ылайык, жабыркаган аял 1979-жылы туулган Орусиянын жараны. ЖМКда жабырлануучу турист экени, кырсыкта анын жамбаш эти жанчылганын жазышты.

«Аталган факт Ысык-Көл райондук милициясы тарабынан катталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды, анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат», — деп билдиришти милициядан.

Эс алуучулардын бири Kaktus Media басылмасына маек куруп, «Көгүлтүр Ысык-Көл» пансионатында парашютту тарткан маторлуу кайык жана скутерлер адамдар чөмүлгөн аймакка жакын сүзүп жургөнүн айтып нааразы болгон.

Пансионаттарда коопсуздук эрежелери көп учурда этибарга алынбай, эс алуучуларга коркунуч жаратат. Өткөн жылы «Алтын кум» пансионатында түтүк соруп кеткен 18 жаштагы Станислав Ситниковдун өлүмү талкууга алынган. 27-июлда пансионаттын аквапаркында каза болгон. Аны көлдөн аквапаркка сууну соргон диаметри 500 мм болгон түтүк соруп кеткен. Куткаруучулар сөөктү алып чыгуу үчүн жерди казып түтүктү казып чыгышкан.

Андан соң аквапарктын ээс Т.А аттуу жаранга карата «Колдонуучуларга коркунуч жаратуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон. 2022-жылдын апрелинде аквапаркта каза тапкан 18 жаштагы Станислав Ситниковдун өлүмү боюнча тергөө аяктаганы белгилүү болгон.

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.