Күрөш боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатында Жаркынай Нурлан кызы коло байге утту

Кыргызстандык Жаркынай Нурлан кызы Италияда күрөш боюнча кадеттер (U-17) арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло медалды багындырды. Бул тууралуу United World Wrestling’дин расмий сайтында айтылат.

27-июлда спортчу финалдын 1/8 старт алып, 65 кг салмакка чейинки категорияда таймашкан.

Спорту биринчи жана чейрек финалдагы беттеште жеңишке жеткен.

Бирок жарым финалда Нурлан кызы жапониялык атаандашы Анжу Сатодон жеңилип калган.

Ал эми 28-июлда Нурлан кызы үчүнчү орунду багынтыш үчүн америкалык Сидней Перри менен беттешкен. Кыргыз спортчусу аны 7:0 эсебинде жеңип, коло байгенин ээси болгон.

Кадеттер арасынданы дүйнөлүк чемпионатта Айпери Медет кызынын кичүү сиңдиси — Айтолкун да катышкан. Ал турнирди жеңиш менен баштап, бирок экинчи беттеште өзбекстандык спортчудан жеңилип, медаль үчүн күрөштөн четтеп калган.

25-июлдан 31-июлга чейин Италиянын Рим шаарында күрөш боюнча кадеттер арасындагы (U-17) дүйнө чемпинаты өтүп жатат.

United World Wrestling — олимпиадалык спорттун түрлөрү болуп эсептелген грек-рим, эркин күрөш жана аялдар күрөшү боюнча эл аралык федерация.

Материалдын автору Кайрат Бердишалиев.