«Мыйзамсыз кармап жүргөн». Түп районунда тургундун үйүнөн кызыл китепке кирген куш табылды

Сүрөт: Ысык-Көл ОИИБи.

Ысык-Көл облусундагы Түп районунун тургунунун үйүнөн кызыл китепке кирген кара куш табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Түп районунун тургуну туристтик-экологиялык милицияга жашоочулардын бири кызыл китепке кирген кара кушту үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөнү тууралуу кабар берген. Шектүү Сары-Булуң айылынын 61 жаштагы тургуну болуп чыкты.

«Анын көл жээгинин жанында жайгашкан кашарында жарым жетилген жырткыч куш табылды. Бул канаттуу Кыргызстандын кызыл китебине кирген кара куш болуп эсептелет» — деп кабарлашты мекеменин басма сөз кызматынан.

Бул факт райондук милициянын электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан юридикалык баа берүү үчүн териштирүү иштерин жүргүзүлүүдө.

Ал эми кара куш Каракол шаарындагы зоопаркка өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандын аймагында куштардын 400дөн ашуун түрү болсо, анын 57 түрү Кызыл китепке киргизилген.

Окумуштуулардын эсебинде, Ысык-Көлдүн биосфералык коругунда эле бир нече кара кунас, 20 фламинго, 700 турна, 991 ак куу катталды. Ошондой эле жапайы өрдөк-каздар, карабаш шакылдак, куу кумпай (шахин), ителги жана бүркүттөр да бар.