Кыргыз спортчулары ITF таэквондосу боюнча дүйнө чемпионатында жети медаль утушту

Кыргызстандык ITF стилиндеги таэквондочулар Голландияда өткөн ITF таэквондо чемпионатында жети медаль утушту. Бул тууралуу «Клоопко» ITF таэквондо федерациясынын президенти Нуриса Мамбеталиева билдирди.

*ITF — бул таэквондонун кол жана бут менен башка урууга уруксат берилген түрү. Бирок таэквондонун бул түрүндө атаандаштарга толук тийүүгө жол берилбейт. Таэквондонун ITF түрүнөн эрежелери менен айырмаланган GTF жана WTF деген да түрлөрү бар.

Кыргыз спортчулары эки алтын, төрт күмүш жана бир коло медал утушту.

Кыргызстандык таэквондочулар.

Диана Ким (45 кг чейинки салмакта, 12-13 жаш) жана Искак Аскарбеков (60 кг чейинки салмакта, 14-17 жаш) — алтын медал утушту.

Владимир Хегай (50 кг чейин, 14-17 жаш), Айканым Асаналиева (50 кг чейин, аял-кыздар арасында), Алтынай Рыскулова (55 кг чейин, аял-кыздар арасында) жана Артем Прибытков (76 кг чейин, эркектер арасында) — күмүш медалдын ээси болушту.

Мындан тышкары Рыскулова *туль үчүн 3-дандагы коло медалды алды.

*Туль ыкмасында каршылашты элестетип алып ага чабуул коюучу жана коргонуучу ыкмалар колдонулат.

ITF боюнча дүйнө чемпионаты 26-31-июлда Альмер шаарында өттү. Ага 32 өлкөдөн спортчулар катышты.

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев