Кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү туулган айылында жерге берилди

1-августта «Дөө» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Тажыяда тартылган сүрөттөрдү бир катар ЖМКлар жарыялады.

Бишкектеги ТИЗО-1де киши колдуу болгон кримтөбөл өзү туулган Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылына коюлду.

Буга чейин Жумагуловдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген. Маалыматты «Клоопко» Жаза аткаруу кызматынан тастыкташкан.

ЖАКтын маалыматына ылайык, кримтөбөлдүн сөөгү жакындарына 30-июль күнү, бардык керектүү процедуралар жүргүзүлгөндөн кийин өткөрүлүп берилген.

«Дөө Чыңгыздын» өлүмү

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү 30-июлда ТИЗО-1де табылган. Ал киши колдуу болгону белгилүү болгон.

Жаза аткаруу кызматынан Жумагуловду камерада чогуу олтурган киши өлтүргөнүн мойнуна алды деп маалымдашкан. Мекеменин маалыматына караганда, буга «жекече пикир келишпестиктер» себеп болгон.

Ал арада Kaktus Media басылмасы жеке булактарына таянып, «Дөө Чыңгызды» өлтүрүүгө шектелген кишинин аты Доорон экенин жазды. Алдын ала маалыматтарга караганда, Доорон Камчы Көлбаевдин Адилет Касенов аттуу жакын кишисинин тобунда жүргөн жана УКТнын «капчыгы» деп саналчу.

Басылманын жеке булагы Чыңгыз Жумагулов «мыйзамдагы ууру» болууну көздөп жүргөн, өлтүрүүнүн себеби да ушул болушу мүмкүн деп билдирген.

Кийинчерээк ЖМКнын булагы кримтөбөлгө 18 жолу бычак сайылганын кошумчалаган. Бул тууралуу соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында да маалым болгон. Бычак көбүнесе моюн тушуна жана денесинин үстүңкү бөлүгүнө урулганы белгиленген.

Ошол эле күнү ТИЗО-1дин жанында маркумдун жакындары чогулган. Алардын арасында Жумагуловдун аялы жана байкеси да болгону айтылды.

Депутат Дастан Бекешев жогорку кызматтагы адамдардын аралашуусусуз кримтөбөлдү өлтүрүү мүмкүн эмес болчу деп эсептейт.

«Дөө Чыңгызды» кармоо

Чыңгыз Жумагулов 2022-жылдын 15-июлунда кармалган. Анда УКМКдан кримтөбөл кылмыштуу топту уюштурууга, ошондой эле жеке ишкерлерден көп убакыттан бери өзгөчө ири өлчөмдө акча опузалалоого айыпталганын билдиришкен.

Кримтөбөл кармалганга чейин 8-июлда бир катар басылмалар Жумагулов менен УКМКнын «Альфа» атайын кызматынын ортосунда атышуу болгонун жазып чыгышкан. Алардын маалыматына ылайык, спецназ кримтөбөлдү кармоого аракет кылган, бирок ал качып кеткен.

Кийин күч кызматкерлерин салып келген кичи автобус жолтандабастын жолун тороп токтоп, андагы аскер формачан адамдар жолтандабастын эшигин ачууга аракет кылышканы тартылып калган видео пайда болгон. Бирок жолтандабастын айдоочусу ал жерден качып, изин суутуп кеткен.

Ал эми эртеси күнү УКМК Жумагуловду кармоо аракети жана ок атышуу тууралуу маалымат чындыкка дал келбесин билдирген. Алардын маалыматына ылайык, 8-иблда Чүй облусунда УКТ мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Кийин активист Атай Бейшенбек уулу Фейсбук барагына кыска видео жарыялаган, андан кримтөбөл УКМКга өзү келгенин көрүүгө болот.