Кыргызстанда 16га жакын акционердик коомду бириктирген улуттук холдинг түзүлөт

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдында «“Аманат” улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун түзүү пландалды. Анын курамына өлкөдөгү ири акционердик коомдор кирет. Демилилге Министрлер кабинетинде каралууда. Бул тууралуу Tazabek басылмасына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров айтып берди.

Анын айтымында, ишкана Кыргызстандагы 16га жакын акционердик коомду бириктирет, алардын катарында «Кыргызалтын», «Нефтегаз» жана «Манас» ААК да бар.

Бакиров бул долбоордо ири жана кирешелүү акционердик коомдордун базасында ачык акционердик коом түзүлөрүн билдирди. Анын айтымында, ушуну менен «Аманат» башка улуттук холдингдерден айырмаланып турат.

Маммүлктү башкаруу фондунун башчысы улуттук холдингдин капиталы 100 млн сомдон жогору болот деп бааланып жатканын белгиледи.

Ошондой эле, Бакиров, долбоордун негизги максаты — мамлекеттин үлүшү бар жергиликтүү компанияларды эл аралык биржа рыногуна чыгаруу деп белгиледи.

«Эл арасында акцияларды жайылдуу маданиятын калыптандыруу керек, ошондой эле чет элдик компаниялардын көңүлүн буруу зарыл. Рынокто “Аманат” холдингинин акцияларын активдүү сатууга жетишүү керек, себеби ал жакта биздин компаниялар болот», — деди ал.

Мирлан Бакиров фонддун иши үчүн жетекчилерди тандоодо жаңы ыкмалар каралып жатканын да кошумчалады.