Валентина Шевченко UFC’нин мыкты мушкер аялдар рейтингинде эки тепкич төмөн түштү

Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко UFC уюмунун салмак категориясы эске алынбаган мушкер аялдар арасындагы рейтингде эки тепкич төмөн түштү.

Скриншот: UFC

UFC’нин сайтындагы маалыматка ылайык, рейтингдин сап башына бразилиялык спортчу Аманда Нуньес чыкты.

Рейтинг Даллас шаарында өткөн UFC 277 турниринин жыйынтыгы боюнча жаңыртылды. Анда бразилиялык спортчу Нуньес америкалык Жулиана Пеньяны жеңип, жеңил салмак категориясында чемпиондук титулун кайтарып алды.

2021-жылдын декабрь айында Валентина Шевченко UFC’нин жаңыланган рейтингинде аялдардын арасында салмак категорияларына карабастан эң мыкты мушкер айым болуп тандалган.

Валентина Шевшенко жеңил салмактагы чемпион титулун дагы деле кармап турат.