Саламаттык сактоо министрлиги коомдук жайларда беткап тагууну сунуштады

COVID-19 жуктуруу азайганына карабай, Саламаттык сактоо министрлиги жарандарга коомдук жайларда беткап тагуу режимин сактоону сунуштайт. Бул тууралуу минкабдан билдиришти.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 3-августта Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүчү ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү.

«Коронавирустан сактануунун жалгыз жолу — бул эмдөө, өзгөчө бул өнөкөт оорулары бар адамдарга жана улгайган адамдарга тийиштүү», — деди ал.

Байсалов Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жакынкы айларда өлкөлөрдө коронавирус менен ооругандардын саны өсүшү мүмкүн экенин айтты.

Кыргызстандагы коронавирус

25-июлда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков Бишкек «сары» зонага өткөнүн, ал эми республиканын калган аймактары «жашыл» зонада экенин билдирген.

Ошондой эле кырдаал курчуп же зарылчылык жарала турган болсо шаарда айрым чектөөлөп киргизилери айтылган: беткап жана ондон ашык адам чогулганда аралыктан иштөө режими.

Буга чейин Республикалык штаб Кыргызстанда COVID-19’ду жугузгандардын саны өсүп жатканын кабарлаган. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) да билдирип, коронавирус илдетин жуктургандардын саны 30%га өскөнүн айткан.

Ошол эле маалда минкаб жана Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19’дун кезектеги толкунуна — койкалар, дары-дармек жана дарыгерлер даяр деп ишендирүүдө.