«Вите надо выйти». Тукуновду кууп чыккан «Берёзка» дүкөнүнүн күзөтчүсү жөнүндө мэмдер

31-июль түнү Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары Акжолтой Тукунов Бишкектин четиндеги Маевка айылындагы «Берёзка» деген дүкөнүнө баш баккан. Аткаминер азык-түлүктүн баасын текшерүүгө аракет кылган. Ал эми процессти соцтүйүндө түз эфир аркылуу чагылдырган. Бирок текшерүү пландагандай болбой калган — дүкөндүн кароолчусу Витя Тукуновду кууп чыккан. Кийин экөө тең жетекчилигинен жеме уккан: Тукуновго жетекчилиги даярдыксыз жана макулдашылбаган рейд уюштурганы үчүн сөгүш берсе, Витяны — «Берёзка» дүкөнүнүн администрациясы катаалдыгы үчүн жемеледи.

Буга соцтүйүндөрдүн колдонуучулары тез арада эле реакция кылышты.

Акжолтой Тукунов Витядан кем эмес таанымал болду. Бул тууралуу аткаминер Фейсбук барагына жазды. Ал окуядан кийин соцтүйүндөгү достугуна 900дөн ашуун киши кошулганын айтып кубанды.

«Витя үчүн катталуучуларым көбөйүп кетти», — деп жазды Тукунов.

Соцтүйүндөрдүн айрым колдонуучулары жакында Витянын кечирим сураган видеосун көрөбүз деген ишенимде.

Колдонуучулардын бири Витя Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигин «монополия» аталышындагы оюн деп кабыл алса керек, оюнда акчалар жасалма болгондой эле, Тукунов да, рейд да жасалма деп ойлогон болушу мүмкүн деп жазды.

Интернет колдонуучулар күзөтчү Витяны ESTRADARADA’нын «Вите Надо Выйти» деген ыры менен ассоциалап жатканын жазышты.

Айрымдар Витяны «арстан» дешсе, башкалар аны «желдет» катары көрүштү. Интернет колдонуучулардын бири «Берёзканын» күзөтчүсүн депутаттыкка сүрөш керек деп сунуштады.

Окуя ушунчалык популярдуу болуп кеткендиктен, Монополияга каршы жөнгө салуу мамагенттиги Тукунов менен Витяга кандай чара көрүүнү үч күн талкуулады.

Кийинчерээк Тукунов «Берёзка» дүкөнүнүн жетекчилиги күзөтчүгө айып салганын жазды. Айрым колдонуучулар буга күлсө, айрымдары күзөтчүнү коргоп, «премия чогултуп берүү керек» деп жазышты.

Ал эми соцтүйүндүн колдонуучуларынын пикиринде Витя Тукунов менен «калчылдашып» жаткан учурда төмөнкү видеодогудай көрүнгөн. Тукунов видеону жакшы баалап, өзүнүн барагына бөлүшкөн.

Материалдын авторлору: Аделя Именова жана Жаркынай Жээналиева.