Ат-Башы: Казалчы Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы белгиленүүдө

6-августта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Босого жайлоосунда Казыбек казалчы деген ат менен таанылган акын Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы белгиленүүдө.

Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чаранын алкагында этнофестиваль, кыз-куумай, буюмдар көргөзмөсү, улуттук даамдар жарманкеси уюштурулду. Ошондой эле маареке концерттик программа менен коштолот.

Казыбек казалчы

Казалчы Казыбек Мамбетемин уулу 1901-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Четкелтебек жайлоосунда туулган. Анын качан каза болгону белгисиз. Жаш кезинде молдодон окуп, жаза билген.

1929-жылы бай-манаптын өкүлү катары кулакка тартылып (атасы менен бирге), Орусиянын Оренбург шаарына айдалган. Ал жерден 1931-жылы бошотулуп, ошол эле жылы Кытай тарапка качкан.

1934-жылы Кытайдан кайра Кыргызстанга өтүп келе жатканда кармалып, атууга өкүм кылынган. Бирок өкүм 10 жылдык түрмө менен алмаштырылып, 1936-жылга чейин түрмөдө болгон.

Казыбек Мамбетемин уулунун казалдарынын көркөмдүгү жана тарбиялык мааниси жогору болуп, ошол учурдагы элдин турмушун таасын чагылдырган. Айрыкча анын сүргүндө жүргөндө жазган «Орунбордон кат» чыгармасы элге кеңири тараган.

Казалдары 1990-жылдан кийин гана жарык көрө баштаган. Бирок кол жазмалары сакталбай калган.

Казыбек Мамбетемин уулунун ысымы өзү туулган айылга жана Ат-Башы айылындагы орто мектепке берилген.