Temirov Live: Азамат Мукашев президенттин демилгесин колдогону үчүн директорлук кызматка ээ болгон

«Бишкек машина куруу заводу» ачык акционердик коомунун директору Азамат Мукашев мурда өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн соттолгон. Бул тууралуу Temirov Live’дын кезектеги иликтөөсүндө айтылат.

Журналист Болот Темировдун айтымында, Мукашев Кыргызстандагы банктардын биринде кассалык операция боюнча жетектөөчү адис болуп иштеп жүргөндө жоопко тартылган.

Иликтөөдөгү документке ылайык, Мукашев жана анын кесиптеши банкоматтардан кассета чыгаруу учурунда накталай акчаны кымырып алышкан. Ал эми документке каражат толук экенин көрсөтүшкөн. Натыйжада банкка 8 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Журналист сот Мукашев менен анын кесиптешин «Ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен күнөөлүү деп таап, алты жылга шарттуу кескенин белгиледи.

Кийинчерээк Азамат Мукашев «Бишкек машина куруу заводуна» директор болуп дайындалган. Темиров Live’дын журналисттери Мукашев бул кызматка «президент Садыр Жапаровдун жана анын тарапташтарынын демилгесин колдогону үчүн дайындалган» деген пикирде.

Иликтөөдө Мукашев 2020-жылы президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамдарынын бири болгону айтылат.

«Мукашев Азамат Бакытович Конституция боюнча (2021-жылы) агитаторлор тобунун шайлоо фондуна 100 миң сом которгон, эсиңиздерге сала кетейин, аны да [референдумду] Садыр Жапаров сүрөмөлөгөн», — деп белгиледи Темиров.

Ошол эле ал Мукашев Садыр Жапаров менен байланышы бар «Мекенчил эл» партиясын негиздегендердин бири экенин кошумчалады. Партия 2021-жылы парламенттик шайлоого катышкан.

«Бийлик үчүн сенин ким экениң, мурда соттолгонсуңбу, уурдагансыңбы же уурдаган эмессиңби маанилүү эмес. Эң негизгиси — шайлоо учурунда чуркап, соцтүйүндө мактап жүргөнүң. Эгер сен жердеш, тууган же куда болсоң, андан да жакшы. Бирок бул коррупция экенин далай ирет кайталадык. Мындай логикага сыйбаган кызамттык дайындоолор өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болууда. Мындай нерсе менен күрөшүү керек», — деди иликтөөчү журналист.