«Жони» паркы. Сузакта Камчыбек Ташиевдин агасынын элесине арналган эс алуу багы ачылды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кичи мекени Сузак районуна караштуу Барпы айылында агасы Жаныбек Ташиевдин элесине арналган «Жони» эс алуу багы ачылды.

Ташиевге таандык «Регион» телеканалынын маалыматына ылайык, жалпы аянты 1,5 гектарды ээлеген парктын долбоору 2019-жылы даярдалып, курулуп баштаган.

Эс алуу багынын кире беришине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин агасынын сүрөтү илинди. Маркумду туугандары менен айылдаштары «Жони» деп атагандыктан, Ташиевдердин үй-бүлөсү парктын аталышын «Жони» деп калтырууну чечкен.

Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаровдун айтымында, эс алуу жайы Камчыбек Ташиевдин жана Жаныбек Ташиевдин уулдарынын акчасына курулду.

«Ошентип, бул муниципалдык паркты ачтык. Алар [Ташиевдер] келечекте сейил бакты кеңейтүүгө жардам берүүнү убадалашты. Жалал-Абад облусунда мындай парк биринчи жолу ачылып жатат, Жалал-Абад шаарында деле мындай парк жок. Ташиевге жана анын үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдиребиз», — деди аким.

Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Сейитбеков «Клоопко» буга чейин парктын аймагы жараксыз абалда болгонун билдирди.

«2019-жылы ал жерге эс алуу жайын курууну чечтик. Долбоор иштелип чыгып, сынак жарыяланган. Тендерде жеңүүчү 25 адамды иш менен камсыздай турганы жана бир жарым жылга чейин ижара акысын төлөбөй турганы айтылган», — деди айыл өкмөт башчысы.

Камчыбек Ташиевдин бир тууган агасы Жаныбек Ташиев 2018-жылдын 2-январында каза болгон.