Ошто 195 мугалимге вакансия жарыяланды. Ага кантип тапшырса болот?

Сүрөт: Айбике Адилет кызы/Kloop

Ош шаарында 195 мугалимге жумуш оруну бар. Бул тууралуу 8-августта Ош мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кыргыз тилинде окуткан мектептерге 7 мугалим, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерге 188 мугалим керек.

Ош мэриясынан мугалимдер вакансияга тапшыруу үчүн Шаардык билим берүү башкармалыгына кайрылышы керек экенин белгилешти.

Тизме:

  • Башталгыч класстардын мугалимдери — орус тилдүү мектептерге 47 адис;
  • Орус тили жана адабияты мугалимдери — 36 адис. Анын ичинен 33 адис орус тилдүү мектептерге, 2 адис мамлекеттик тилде окуткан мектептерге жана 1 адис — өзбек тилиндеги мектепке;
  • Математика мугалимдери — 22 адис. Анын 20сы орус тилдүү мектептерге, 1 адис мамлекеттик тилде билим берген мектепке, 1 адис өзбек тилдүү мектепке керек.
  • Физика мугалимдери — 15 адис. Анын ичинен орус тилдүү мектептерге 14 адис, өзбек тилдүү мектепке — 1 адис;
  • География мугалимдери — 14 адис. 13 адис орус тилинде окуткан мектептерге, 1 адис өзбек тилиндеги мектепке;
  • Англис тили мугалими — 10 адис;
  • Тарых мугалими — 10 адис;
  • Дене тарбия мугалими — 10 адис;
  • Химия мугалими — 8 адис;
  • Музыка мугалими — 8 адис.