Теңдик үчүн коалициясы Камиль Рузиевге тагылган айыпты алууну талап кылды

Теңдик үчүн коалициясы укук коргоочу Камиль Рузиевге тагылган айыпты алып, ал буга чейин айтып келген адамдарды кыйноо фактыларын бейтарап иликтеп баштоону талап кылды. Буга байланыштуу билдирүүнү уюм Фейсбук барагында жарыялады.

Рузиев жасалма медициналык маалымкат колдонго делип айыпталууда. Тергөөнүн версиясына ылайык, укук коргоочу өзү иштеп жаткан иштердин бири боюнча Каракол шаардык сотунун чечимин даттануу мөөнөтүн узартыш үчүн документтерди жасалмалаган.

Активисттер укук коргоочуга карата тагылган «сандырак айыптар менен мыйзамсыз куугунтуктун» себептерин Акыйкатчы институту тыкыр иликтеши керек деп эсептешет.

Уюмдагылар Кыргызстан БУУнун толук кандуу мүчөсү экенин жана адамдын эркиндиги менен укугун коргоо жаатында эл аралык милдеттенмелерди алганын эске салышты.

«Кылмыш ишин козгоодо жана иликтөөдө бир катар мыйзам бузууларга жол берилгенине карабастан мамлекеттик айыптоо кыйноого каршы күрөшкөн адамдын күнөөсү толук далилдендип деп эсептеп, аны беш жылга абакка кесүүнү суранып жатканы тынсыздандырып жатат», — деп айтылат кайрылууда.

Коалициядагылар Каракол шаардык соту Камил Рузиевдин иши боюнча 12-августта өкүм чыгарышы керектигин билдиришти.

Рузиевдин иши

Камиль Рузиев — «Вентус» укук коргоочу уюмунун жетекчиси. Ал 20 жылдан ашык убактан бери кыйноолордон, зомбулуктан жапа чекккендердин кызыкчылыктарын коргоп, адамзатына каршы жасалган кылмыштарды чагылдырып, юридикалык жардам көрсөтүп келет.

2015-жылы аны милиция кызматкерлери кыйнап, мындан ары Каракол ТИЗОсунун ишин текшербеси жана жабыркагандардын укугун коргобосу тууралуу тилкат жазып берүүсүн талап кылышкан. Укук коргоочуну кыйноого алуу боюнча иш кыскартылган.

Тергөөчү Нурбек Токушев укук коргоочунун өмүрүнө бир нече жолу коркунуч келтирген. Токушев Рузиевди курал менен коркутуп, башына табелдик тапанча такагандан кийин кызматынан алынган.

Токушев чет элдикти кыйнап, күнөөнү мойнуна алдырууга аракет кылганы үчүн дагы айыпталган — бул иш боюнча дагы жабырлануучунун кызыкчылыгын Рузиев коргогон.

Укук коргоочу УКМК жана прокуратурага арыз менен кайрылып, тергөөчүнүн коркутуулары менен кыйноолорун иликтөөнү талап кылган. Бирок укук коргоо органдары чара көрбөй койгон. Анда Рузиев УКМКнын кызматкерлеринин үстүнөн алардын аракетсиздигине даттанып доо арыз жазган.

Андан кийин эле Рузиев, 2020-жылдын 29-майында Каракол шаарында соттон чыгып келе жатканда кармалган. Аталган сотто Рузиевдин УКМКнын жана прокурорго карата доосу каралган болчу.

Укук коргоочуну кармоонун үстүндө иштегендер Рузиев доо арыз жазган УКМКнын кызматкерлери менен түздөн-түз байланышта.

Ал эки суткага убактылуу кармоочу изоляторго киргизилген, ал эми УКМКдан ЖМКга укук коргоочу «Алдамчылыкка» жана дарыланганы тууралуу медициналык маалымкаттарды жасалмалоого шектелип жатканы айтылган пресс-релиз келген.

Укук коргоочу өзү деле дарыланганын жашырган эмес, мурдараак ага кол салуу болуп, ден-соолугу солгундай түшкөнүн айткан. Ал дарыланганы тууралуу маалыматтар амбулатордук картада бар экенин, ооруканада жатканы тууралуу маалыматкаттарды жасалмалабаганын билдирген.

Рузиевдин иши боюнча сот иши 2020-жылы 18-сентябрда башталган. Соттун башталышына жакын иштин материалынан «Алдамчылык» беренеси алып салынган. Рузиев өзү укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн өч алуу болууда деп эсептейт.

2020-жылдын июнь айынын башында, укук коргоочу үй камагына чыгарылган соттон кийин УКМК мурда Рузиев кызыкчылыктарын коргогон үч кыргызстандыктын видеосун тараткан. Алар видеодо укук коргоочуну алдамчылыкта айыпташкан.

Видео чыгып кеткенден кийин андагы каармандардын бири укук коргоочуга карата эч кандай дооматы жоктугун айткан. Ал эми 2020-жылдын 28-июлунда Рузиевдин иши боюнча күбө катары өтүп жаткан адам Ысык-Көл облусунун ошол учурдагы башчысы Балбак Түлөбаевге арызданып кайрылган.

Ал УКМКнын кызматкерлери андан Рузиевге каршы «алдап» көрсөтмө алышканын билдирип, укук коргоочуга каршы кылмыш ишин токтотууну суранган.

2020-жылдын декабрында БУУнун атайын баяндамачысы Мэри Лолор кыргыз бийлигин Рузиевди куугунтуктоону токтотуп, укук коргоочу айткан мыйзам бузуу фатыларын иликтөөгө чакырган. Ал Рузиев укук коргоо органдарындагы кыйноо фактыларын жана алардын ишиндеги кемчиликтерди айтып чыккандан кийин куугунтуктала баштаганын билдирген.

2020-жылдын октябрында Каракол шаардык соту Рузиевдин баш коргоо чарасын жеңилдетип, дарылануусун Бишкекте улантыш үчүн Караколдон чыкканга мүмкүнчүлүк алган. Ошондой эле жасалмалаган деп шектеп жатышкан документтерди экспертизадан өткөрүүгө жол ачылган, себеби тергөө өзү документтерди экспертизага берген эмес. Кийин экспертиза Рузиев медициналык маалымкатты жасалмалабаганын бышыктаган.