Ислам шериктештик оюндарында кыргызстандык балбандар эки медаль утту

Кыргызстандык балбандар Алмаз Сманбеков менен Нуртилек Карыпбаев Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында бир күмүш, бир коло медалдарын багындырышты.

Маалыматка ылайык, Сманбеков эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта күч сынашкан.

Ал финалга чейинки беттеште азербайжандык, сенегалдык жана тажикстандык спортчуларды уткан. Ал эми финалдык турнирде өзбекстандык Муминжон Абдуллаев менен кез келип, ага 10:0 эсебинде утулду.

Ал эми күрөштүн ушул эле түрү боюнча 86 килограмм салмакта күч сынашкан Нуртилек Карыпбаев коло медаль утту.

Карыпбаев финалдык беттеште ирандык спортчуга 8:1 эсебинде утулган. Ага коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берилип, ал алжирдик балбанды жеңип алды.

Сманбеков менен Карыпбаевдин медалдары — 2022-жылдагы Ислам шериктештик оюндарындагы кыргыз спортчулары жеңген алгачкы эки медаль.

Ислам шериктештик оюндарынын расмий ачылышы 9-августта Түркиянын Конья шаарында болгон. Ага Туркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да катышкан.

Анда Кыргызстандын желегин улуттук курама команданын капитаны, балбан Атабек Азизбеков менен жеңил атлетчи Айнуска Калил кызы көтөрүп чыккан.

Чемпионат 10-августта башталып, 18-августка чейин уланат. Ага 56 мамлекеттен төрт миңге жакын спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн 483 комплект медал үчүн күч сынашышат. Ал эми мелдешке кыргызстандык 25 спортчу катышууда.