Кызыл-Кыя: Аялды сабап, зордуктоого шектелген киши кармалды

Кызыл-Кыяда милиция аялды сабап жана зордуктоого шектелген 35 жаштагы кишини кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу 11-августта Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Милициянын маалыматына ылайык, аларга бул окуяны айтып берип жабыркаган аял өзү кайрылып, 21-июлда эле арыз жазган. Аялдын айтымында, мурдагы күйөөсү коркутуп талаага алып барып, сабап жана зордуктаган, андан соң Ноокат районунун Көк-Жар айылына чейин жөө сүйрөп барган.

Аял милиционерлерге кайра Кызыл-Кыяга чейин (22 км жакын аралык) жөө кайтууга мажбур болгонун билдирген.

Факт Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, «Зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү Ысык-Көл облусунда качып жүргөнү аныкталып, 9-августта гана кармалган.

Сотко чейинки өндүрүш башталып, иликтөө жүрүп жатат.

Аялдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.

Үй-бүлөдөгү кол салуучуну реалдуу мөөнөткө соттотуу абдан кыйын — кылмыш иштеринин көбү административдик жоопкерчилик катары каралып калат, ал жерде күнөөкөр адам айып пул төлөп же административдик иштерге тартылып жазадан кутулуп кете алат. Ошол эле кезде жазага тартылбасын билип, үй-бүлөдө зомбулугун уланта берет.

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркек кишинин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

*Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.

Аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча 2021-жылга карата глобалдык индекстин (WPS Index) рейтингине ылайык, Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган.

2022-жылдын апрель айында БУУнун Адам укуктары боюнча жумушчу тобунун адистери Кыргызстандагы аялдардын жана кыздардын абалы тууралуу баяндама жасашкан. Алар отчётто Кыргызстанда аялдар тарабынан сексуалдык зомбулук учурлары тууралуу укук коргоо органдарына кайрылуу деңгээли төмөн экени байкалганын белгилешкен.

Алардын маалыматына ылайык, бул укук коргоо органдарынын жабыркагандарга карата кайдыгерлиги, адискөй тергөөчү аялдардын, ошондой эле окуудан өткөн судьялардын жоктугу менен байланыштуу.

Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.

Тема боюнча окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы