«Кыргыз почтасы» Хабиб Нурмагомедовдун атасына арнап почта маркасын чыгарды

«Кыргыз почтасынын» басма сөз кызматы 10-августта жеңил салмактагы UFC боюнча орусиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедовго арналган почта маркасын чыгаруу салтанаты өткөнүн билдирди.

«Кыргыз почтасынын» төрагасы Марат Черикчиев салаттанатта спортчуга спортко кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, атасы «көптөгөн титулдарга ээ болгон спортчуларды тарбиялаганын жана почта маркасын чыгаруу анын элесин түбөлүккө калтырат» деп кошумчалады.

Сүрөт: Кыргыз почтасы.

Почта маркасы 6000 нускада чыгарылган, бир марка 65 сом турат. Аны Бишкектен Орозбекова, 1А дареги боюнча барып сатып алса болот.

Хабиб Нурмагомедов учурда Кыргызстанда жүрөт, ал Eagle Fighting Championship (EFC 49) мушкерлер турнирине келген.

Абдулманап Нурмагомедов

Абдулманап Нурмагомедов — советтик жана орусиялык спортчу, машыктыруучу, СССРдин эркин күрөш боюнча спорт чебебри. Ал Орусиянын эмгек сиңирген жана Дагестан республикасынын аскердик самбо боюнча курама командасынын улук тренери болгон. Нурмагомедов Украинанын дзюдо жана самбо боюнча дагы чемпиону болгон.

Хабибдин 57 жаштагы атасы 2020-жылы короноварустан улам узакка ооруп жатып дүйнө салган.

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.