Бир кадр менен: Улуттук тарых музейине алтын комуз коюлду

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы Улуттук тарых музейине алтын капталган комуз коюлганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, өрүк комузду Марат Берикбаев жасап, зергер Али Мамарасулов алтынга ширеткен.

Музейге комуз тапшыруу иш-чарасына маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жана бир катар коомдук ишмерлер катышты.

Чыңгыз Эсенгул уулу өзгөчө жассалган улуттук аспаптын музейге коюлушу жакшы жаңылык экенин айтып, ал келген меймандар жана туристтердин кызыгуусун арттырат деп белгиледи.

«Ата – бабалардан мурас катары сакталып келген комуз жеке ишкер Ниязбек Айбашев тарабынан бешинчи ирет жасалган. 2015-жылы Ош шаарында өткөн айтыштын жеңүүчүлөрүнө эки комуз тапшырылып, үчүнчүсү жакында боло турчу айтышта тапшырылат. Ал эми төртүнчүсү «Сулайман – Тоо» Улуттук археологиялык музей комплексине тапшырылган болчу», — деди ал.

Маалыматка ылайык, көргөзмөгө филантроп Ниязбек Айбашев каражат бөлгөн. Ал эми алтын комуз жасоого 700 миң сомго жакын акча сарпталган.