Ислам шериктештиги оюндары: Кыргыз балбандары беш медаль утушту

14-августта Кыргызстандык балбандар Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында үч алтын, бир күмүш жана бир коло медалга ээ болду. Ушуну менен кыргыз спортчуларынын куржунунда жалпы 12 медаль бар.

Маалыматка ылайык, кыз келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча балбан Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта күч сынашып, алтын байгени багындырды. Ал жалпы беш беттеш өткөрүп, финалдык турнирде казакстандык спортчуну жеңди.

Күрөштүн грек-рим түрү боюнча Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмакта алтын медаль тагынды. Спортчу жалпы үч беттеш өткөрүп, финалда азербайжандык спортчуну 10:2 эсебинде утту.

Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта күч сынашып, алтын байге утту. Махмудов финалдык беттеште азербайжандык балбан менен кез келип, 5:2 эсебинде жеңишти камсыздады.

Ошол эле күрөштүн түрү боюнча Амантур Исмаилов 67 киллограмм салмакта таймашып, күмүш медаль утту. Ал финалдык турнирде азербайжандык балбанга жеңилди.

Грек-рим күрөшү боюнча күч сынашкан дагы бир балбан, Атабек Азисбеков коло медаль утту. Ал 3-орун үчүн күрөштө азербайжандык спортчуну 3:2 эсебинде утту.

Буга чейин балбан Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев жана Айпери Медет кызы үч алтын медалга ээ болушкан. Ал эми Алмаз Сманбеков менен Тынар Шаршенбеков күмүш, Далниз Сазанова жана Нуртилек Карыпбаев коло байгеге татыган.

Ислам шериктештиги оюндарынын расмий ачылышы 9-августта Түркиянын Конья шаарында өткөн. Ага түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган да катышкан.

Ачылышта Кыргызстандын желегин улуттук курама команданын капитаны, балбан Атабек Азизбеков менен жеңил атлетчи Айнуска Калил кызы көтөрүп чыккан.


Чемпионат 18-августка чейин уланат. Ага 56 мамлекеттен төрт миңге жакын спортчу катышып, спорттун 20 түрүнөн 483 комплект медал үчүн күч сынашууда. Ал эми мелдешке Кыргызстандан 25 спортчу катышып жатат.