Төкмө акындардын арасында «Билим айтыш» сынагы өтүп, жеңүүчүлөрү аныкталды

13-августта Бишкектин «Ынтымак-2» сейил багында медиа сабаттуулукка арналган төкмө акындардын финалдык айтышы болду. Аны «Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштуруп, жалпы 21 акын таймашты.

Жаш төкмө акын Кутман Садыбакасов калыстар тобунун чечими менен «Билим айтыштын» жеңүүчүсү деп табылды. Биринчи орун үчүн ал 85 миң сом менен сыйланды.

Ал эми экинчи орунду Жылдызбек Төраканов багындырып, 65 миң сом сыйлыкка ээ болдо. Ошондой эле ал калыстар тобунун чечими менен «Алтын комуз» сыйлыгына татыды.

Үчүнчү орунга Баян Акматов ээ болуп, 45 миң сом менен сыйланды. Айтышка катышкан калган акындарга 15 миң сомдон тапшырылды.

«Билим айтыш» долбоору «Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан үстүбуздөгү жылдын январь айында башталган. Анда төкмө акындар медиа сабаттуулук, кыргыз таануу боюнча тренингден өтүп, чыгармачылыгын социалдык тармактар аркылуу жайылтышкан.

Долбоордун алкагында жума сайын 21 акындан турган топко медиасабаттуулук боюнча контент түзүү тапшырмасы берилген. Акындардын чыгармачылыгын атайын комиссия талдап, жеңүүчүлөр Инстаграм, ТикТок жана Фейсбук аркылуу элдин добушу менен аныкталган.