Окуучулардан мектеп формасын талап кылган директорлор иштен алынышы мүмкүн — Бишкек мэриясы

Ата-энелерди атайын мектеп формасын сатып алууга мажбурлаган мектеп директорлору иштен алынышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Эмне болуп жатат?

«Балдарды коргоо лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова айрым мектеп администрациялары ата-энелерди 8 миң сомго атайын форма сатып алууга мажбур кылып жатканын айтып чыккан. Анын айтымында, кээ бир мектептер, форма тиктиртүүгө да мажбурлаган.

«Пандемия балдардын сапаттуу билим алуусуна атайын форма эмес, мугалимдердин адискөйлүгү таасир этерин көрсөттү. Анын үстүнө, мектептерге берилген жекеттери менен болгон кочкул кызыл жана башка түстө болгон формалардын баары сапатсыз, ыңгайы жок көпчүлүгү синтетика. Ата-энелер канцелярдык товарлар менен азык-түлүк кымбаттагандыктан атайын форма алууга каражат жок болуп, балдар болгонун гана кийип барышат деп жазышууда», — деп жазган Турдубекова.

Турдубекова Билим берүү министрлиги менен Бишкек шаардык мэриясы 2022-жылы ата-энелерди атайын форма сатып алууга милдеттендирбегенин эске салды.

Ошондой эле ал, ата-энелер пандемиядан кийин түзүлгөн кризисттик кырдаалдан улам мектептерде балдар үчүн классикалык стилди калтырууну жана аларды форма сатып алууга мажбурлабоону суранып жатканын белгиледи.

Мэрия эмне дейт?

Бишкек мэриясы жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы, мыйзам боюнча, «классикалык мүнөзгө» ээ экенин, башкача айтканда, үстү ак, алды кара болушу керек деп билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, шаарын аймагында башка форма киргизилген эмес.

«Жалпы билим берүү уюмдары тарабынан мектеп формасын сатып алууга мажбурлоонун конкреттүү фактылары аныкталган учурда директорлорго тартиптик жаза чаралары, анын ичинде ээлеген кызматынан бошотууга чейинки чаралар көрүлөт», — деп эскертишти мэриядан.