Сот активист Ырыс Жекшеналиевди ТИЗО-1ге эки айга камакка алды

Фейсбуктагы «Полит Узник» барагынын администратору жана активист Ырыс Жекшеналиев Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынды. Активисттин баш коргоо чарасын 16-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту аныктады.

Соттун чечимине ылайык, активист эки ай камакта болот.

Сот отурумунан кийин активисттин жактоочусу Махабат Мамасалиева журналисттерге сот процесси жабык өткөнүн айтып берди. Мындан тышкары, отурумга Жекшеналиевдин үч адвокатынын экөө катышкан жок.

«[Отурумдун] катчысы процесс башталганы тууралуу кулактандыруу бериши керек болчу, бирок андай болгон жок. Биз коридордо күтүп турдук, анан эле процесс башталып калды. Бизди сот отурумуна эмнеге чакырышпаганын түшүнгөн жокпуз», — деди Мамасалиева.

Жекшеналиевдин кармалышы

Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылган.

ИИМден билдиришкендей, соңку учурда аймакта Жетим-Тоо кенин иштетүүнүн айланасында ар кандай талаш-тартыштар жаралып, «белгилүү бир адамдар кенди иштетүүгө каршы чыгууга үндөп, соцтүйүндөрдө ар түрдүү маалыматтарды активдүү таратып жатат».

«“Полит Узник” баракчасына чыккан айрым маалыматтар кооптондурат, анткени айрым активисттер менен атайын адамдар карама-каршылыкты жараткан, такталбаган маалыматтарды таратып, жер-жерлерде кырдаалды курчутуп, коомдук пикирди бурмалоо кызыкчылыктары бар экени байкалууда», — деп билдиришкен анда ИИМден.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Активист 14-августта ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып келинген. Жекшеналиев кармалгандан кийин ага саясий мүнөздө кылмыш иши козголгонун жазган.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы барагы аркылуу Нарын облусундагы Жетим-Тоо кенин иштетүү тууралуу маалымат боюнча кайрылуу жасаган.

Жапаров «Жетим-Тоону коргогучтарга айлангандарды» элдин башын айлантканды токтотууга чакырган. Ал учурда кенди иштетүү боюнча чечим кабыл алына элек экенин, бирок геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, кендин корун тактап коюуга гана буйрук берилгенин кошумчалаган.

Башкы беттеги сүрөт: «Апрель» телеканалы