Мамкурулуш Ысык-Көл жээгинде кафе жана дүкөндөрдү жайгаштырууга тыюу салууну сунуштады

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көлдүн пляждарына дүкөн жана кафелерди жайгаштырууга тыюу салууну сунуштады. Долбоор коомдук талууга коюлду.

Министрлер кабинетинен токтомдун долбоору президенттин «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндөгү» жарлыгын аткаруунун алкагында иштелип чыкканын белгилешти.

Мамкурулуш пляж аймагына төмөнкүлөргө дагы тыюу салууну сунуштады:

  • адамдардын жашоосуна;
  • кампаларды, соода түйүндөрүн, коомдук тамактануучу жайларды, мончолорду жана сауналарды жайгаштырууга;
  • сууга парды киргизүүгө;
  • кийим-кече жууганга, жаныбарлар менен сейилдөөгө жана аларды көлгө түшүрүүгө;
  • канализациянын түтүктөрүн чыгарууга;
  • сууга түшүү үчүн делген бассейндердин суусун агызууга;

Документке ылайык, Ысык-Көлдүн жээгинен жүз метрлик аралыктагы аймакта, бардык парк жана пляж аймактарында куткаруу мунараларын, түнкү жарыктарды, кийим алмаштыруучу жайларды, таштанды челектерин жана ыңгайлуу отургучтарды орнотуу каралган. Жашылдандыруу аянты түнкү жарыгы менен бир адамга 6 чарчы метрден кем эмес болушу керек.

Ошондой эле бүткүл курорттун же эс алуу аймагынын башкы планын алдын ала иштеп чыкмайын, анын ичинде комплекстердин аймактарын пландоо долбоорлору жок өзүнчө санатордук-курорттук жана эс алуу жайларын курууга болбой турганы белгиленет.

2022-жылдын май айында президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койгон, ага ылайык, Ысык-Көл облусунун калктуу пункттарынын тургундары 2022-жылдын 1-июлунун тартып пляж аймактарына бекер кирүүгө мүмкүнчүлүк алган.