«Үмүт жана Ко» негиздөөчүлөрүнүн бири кармалды. Андан сооттолгон унаа жана башка курал-жарактар табылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ок дары, курал-жарактар жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактап жүргөн «Үмүт жана Ко» ЖЧКнын 52 жаштагы негиздөөчүлөрүнүн бирин кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКдан ал курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган адамдарды издөө маалында кармалганын билдиришти. Комитеттен ишкердин үйү жана иштеген жери уруксат боюнча тинтилгенин белгилешти.

«“Калашников” автоматы менен "БРДМ 2" (Брондолгон чалгындоо жана патрулдук унаа) атайын техникасы, ошондой эле жүгүртүүгө тыюу салынган көп сандагы ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч түзүлүштөр (Ф-1 гранатасы), жылмакай (мылтык) жана ар кандай калибрдеги травматикалык куралдар табылып алынган», – деп билдирди атайын кызмат.

УКМКдан кармалган ишкер «күнүмдүк жашоодо дайыма аскердик кийим (камуфляж) колдонорун жана кандайдыр бир агрессиялык көрүнүштөргө жакындыгын, бул аны жогоруда аталган курал-жарактарды сатып алууга жана мыйзамсыз сактоого түрткөндүгүн» белгилешти.

Аталган факт «курал, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен катталып, экспертизалар дайындалды. Кармалган ишкер тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКга алып келинди.

Кармалган адамды тинтүү маалында пулёмету бар БРДМден тышкары ар башка үлгүдөгү төрт курал-жарак, болжолдуу согуштук граната, АКСУ автоматы жана 700дөн ашык ар башка калибрдеги ок-дарылар, ок өтпөгөн амунициялар табылган.

Кармалган ишкерден алынган ок-дары жана курал-жарактар:

  • БРДМге орнотулган Калашников танк пулемёту (согуштук);
  • АКСУ автоматы;
  • «Сайга» ок аутуучу куралы;
  • «Вепрь» үлгүсүндөгү автомат;
  • «Сайга 12К» үлгүсүндөгү курал;
  • «Hatsan» пневматикалык куралы;
  • 12 калибрлүү сайсыз курал;
  • «Вепрь» үлгүсүндөгү курал;
  • «Тигр» үлгүсүндөгү винтовка,
  • «Fabarm» үлгүсүндөгү курал;
  • Ф-1 гранатасы (согуштук болушу ыктымал);
  • «Форд» үлгүсүндөгү травматикалык тапанча;
  • «Sony» планшети – 1 даана, «HP» ноутбугу;
  • 7,62 калибрлүү ок-дары – 196 даана;
  • 5,45 калибрлүү ок-дары – 423 даана;
  • (травматикалык курал үчүн) 45 калибрлүү ок-дары – 59 даана;
  • (бош) 5,45 калибрлүү ок-дары – 21 шт.;
  • (сайсыз курал үчүн) 12 калибрлүү ок-дары – 120 даана;
  • сайсыз курал үчүн 28 даана ок-дары;
  • 12 калибрлүү гильза салынган эки мүшөк;
  • 12 калибрлүү ок-дары үчүн эки магазин;
  • 12 калибрлүү бош гильза салынган пластик баштыгы;
  • сайсыз курал үчүн 12 калибрлүү 91 ок-дары;
  • 9 мм ок дары – 150 даана;
  • ок-дарылуу цинк: 7,62х54 калибрдеги – 3 даана, 7,62х34 – 19 даана; 9 мм. – 12 даана, 1120 даана 9х19 – 7 коробка;
  • дробь – 3 таңгак;
  • эки темир пластина (бронижилеттики болушу мүмкүн);