Бишкек: Квартал жана райондордо үйлөрдүн ортосуна кичи сейил бактарды ачуу сунушталды

«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси борбор калаадагы квартал жана райондордо үйлөрдүн ортосуна кичи парктарды жайгаштыруу боюнча долбоорду сунуштады. Бул тууралуу мамишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын маалыматына ылайык, шаарда жашыл, бирок каралбай калган участоктор көп, аларды шаардыктар эс ала тургандай ыңгайлуу кылып жасап койсо болот.

Басма сөз кызматтан долбоорду Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки Тимирязев көчөсүн бойлой тилкелерде, №10,12,13 үйлөрдүн ортосунда, ошондой эле Байтик Баатыр жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде, №9 кичи райондун №2 жана №1 үйлөрүнүн жанында ишке ашыруу пландалып жатканын белгилешти..

«Бул жашыл аралчалар түзмө-түз үйлөрдүн терезелеринин астында болуп кароосуз ээн калууда, жергиликтүү тургундардын эс алуусу үчүн эч кандай ыңгайлуулуктары жок, б.а. участоктор шаардын жашоосунан бөлүнүп калган», — деп билдиришти мамлекеттик ишканадан.

Мекеменин басма сөз кызматы Тимирязев көчөсүнүн бойлогон тилкенин ортосунда ачык жерлер бар, алар үй жана чоң дарактар менен курчалган.

«Биздин оюбузча, аймак ыңгайлуу отургучтары жана мейкиндикти толтурган балдар үчүн ойноочу элементтери бар тынч сейилдөө аймагына айланып, жарык, таштанды челектери жана башкалар менен жабдылышы керек. Участок тегиз болгондуктан, рельефти ландшафттык геопластика, жер жерлерин кичинекей бийиктиктер жана адырлар аркылуу жасалма жол менен өзгөртүү чечими кабыл алынган. Эң жагымдуу эстетикалык көрүнүш үчүн, тротуарларды жана аянтчаларды каптоо ар кандай түстөгү брусчаткалардан сунушталат», — деп айтып беришти «Бишкек башкы архитектурадан».

№9 кичи районундагы тилкеде, басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, тротуар, аянтчалар курулуп, көчө эмеректери менен жарыктар орнотулат.

«Компьютерде иштөөнү же ачык асманда китеп окууну сүйгөндөр үчүн тротуарлардын ийри сызыктарын кайталаган өзгөчө формадагы столдорду орнотуу долбоордун өзгөчөлүгү болуп эсептелет», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Мамлекеттик мекемеден аталган долбоорлор райондук администрацияларга жана Бишкек мэриясына кароого жөнөтүлөрүн кошумчалашты.