Мыйзамсыз курал сактоого шектелген Журат Абдуллаев эки айга камалды

Журат Абдуллаев

«Үмүт жана Ко» ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Журат Абдуллаев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» Биринчи май райондук сотyнан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот ишкердин бөгөт чарасын 20-августта караган. Абдуллаев тергөө абагында 19-октябрга чейин болот.

Улуттук коопсуздук боюнча комитет Абдуллаевди 19-августта кармаган. Анын жумуш ордун жана үйүн тинтүү маалында пулёмету бар БРДМ, ар башка үлгүдөгү төрт курал-жарак, болжолдуу согуштук граната, АКСУ автоматы жана 700дөн ашык ар башка калибрдеги ок-дарылар, ок өтпөгөн амунициялар табылган.

УКМКдан кармалган ишкер «күнүмдүк жашоодо дайыма аскердик кийим (камуфляж) кийип жүрөрүн жана агрессиялык көрүнүштөргө жакындыгын, бул аны жогоруда аталган курал-жарактарды сатып алууга жана мыйзамсыз сактоого түрткөндүгүн» белгилешкен.


ТЕМА БОЮНЧА:

«Үмүт жана Ко» негиздөөчүлөрүнүн бири кармалды. Андан сооттолгон унаа жана башка курал-жарактар табылды

Видео: «Үмүт жана Ко» ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бирин кармоо учуру