Видео: «Үмүт жана Ко» ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бирин кармоо учуру

Соцтүйүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери «Үмүт жана Ко» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүлөрүнүн бирин кармап жаткан учуру тартылган видео тарады.

Видеодон атайын кызматтын өкүлү шектүүнүн эки колун артка толгоп жерге жаткызып, үстүнөн басып турганын көрүүгө болот.

Ал эми ишкананын негиздөөчүсү жумушка келе жатканын белгилеп, «жакшылык кылып эле жүргөн баламын, эмнеге мындай кыласыңар» деп жерде жаткан абалда суроо узаткан.

Буга чейин, 19-августта УКМК ок дары, курал-жарак жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактап жүргөн «Үмүт жана Ко» жоопкерчилиги чектелген коомунун 52 жаштагы негиздөөчүлөрүнүн бирин кармаган.

«“Калашников” автоматы менен "БРДМ 2" (Брондолгон чалгындоо жана патрулдук унаа) атайын техникасы, ошондой эле жүгүртүүгө тыюу салынган көп сандагы ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч түзүлүштөр (Ф-1 гранатасы), жылмакай (мылтык) жана ар кандай калибрдеги травматикалык куралдар табылып алынган», – деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Кармалган адамды тинтүү маалында пулёмету бар БРДМден тышкары ар башка үлгүдөгү төрт курал-жарак, болжолдуу согуштук граната, АКСУ автоматы жана 700дөн ашык ар башка калибрдеги ок-дарылар, ок өтпөгөн амунициялар табылган.

Аталган факт «курал, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен катталып, экспертизалар дайындалган.

Тема боюнча:

«Үмүт жана Ко» негиздөөчүлөрүнүн бири кармалды. Андан сооттолгон унаа жана башка курал-жарактар табылды