Матраимовдорду коргогон юрист Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болду

Юрист Канатбек Азиз президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтуна директор болуп дайындалды. Бул тууралуу 23-августта президенттин администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Институт төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат:

  • Президенттин ишин илимий-изилдөө жана эксперттик-аналитикалык жактан камсыз кылуу;
  • коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруу, тышкы жана ички саясат чөйрөсүндөгү стратегиялык артыкчылыктарды талдоо жана баалоо;
  • коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруу, тышкы жана ички саясат чөйрөсүндөгү Кыргызстандын мамлекеттик саясатын түзүүгө экспертиза жүргүзүү.

Буга чейин Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту минкабдын (өкмөттүн) карамагында болчу жана минкабдын төрагасынын (премьер-министрдин) түздөн-түз жетекичилигинин алдында иш алып барчу. 2022-жылдын 15-августунда президент Садыр Жапаров жарлыкка кол коюп, ага ылайык, Улуттук институт мамлекет башчысынын карамагына өткөн.

Канатбек Азиз деген ким?

Канатбек Азиз — юрист жана Илимдер академиясында мүчө-корреспондент. Ошондой эле ал 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон. Партиялык тизмеде 15-сапта турган.

Канатбек Азиз. Сүрөт: «Мекеним Кыргызстан».

«Мекени Кыргызстан» — Матраимовдордун кланы жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырылып келген партия.

*Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин бажыдагы коррупция жана аткезчилик, ошондой эле, акча адалдоо боюнча журналисттик иликтөөлөрүнүн башкы фигуранттардын бири. 2021-жылдын февралында Бишкектин биринчи май райондук соту аны коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салып, сот залынан бошоткон. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыян үчүн 2 млрд сом төлөп берген.

«Мекеним Кыргызстан» бийликчил «Биримдик» партиясы сыяктуу эле парламенттик шайлоодо жеңип чыккан. Шайлоо алындагы үгүттө партия бир нече жолу шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана башка мыйзам бузууларга айыпталган. Бул эки партиянын жеңиши саясий кризиске түртүп, 2020-жылдын октябрында бийликтин алмашышына алып келген негизги фактор болгон.

Ошондой эле Канатбек Азиз сотто Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргогон. Бул Матраимовдор «Азаттыкты», «Клоопту», 24.kg басылмасын жана иликтөөчү журналист Али Токтакуновду 2019-жылдын ортосунда сотко бергенде болгон. Анда Матраимовдордун үй-бүлөсү журналисттерди бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөдө ачыкталган фактылардан улам алардын ар-намысы менен ишкердик беделине зыян тийди деп айыпташкан. Алар сотто материалдын авторлорунун ысымдарын ачыктоону, иликтөөдөгү айрым фактыларды жайылтууга тыюу салууну жана 60 млн сом төлөп берүүнү талап кылышкан.

Канатбек Азиз сотто. Сүрөт: Kaktus Media.

2021-жылдын апрелинде Матраимовдун жактоочулары доо арызын чакыртып алып, бул боюнча соттук териштирүү токтотулган.

Азиз 2020-жылдагы парламенттик шайлоого чейин берген интервьюларында, өлкөнүн түндүгүндө Матраимовдордун үй-бүлөсүн «мокочо» кылып жатышат деп билдирген. Юристтин маеги дароо «аймактар аралык кастыкты козутуу» катары кабылданып, сынга алынган.

«Райымбек Матраимовдун өзүн жана үй-бүлөсүн Кыргызстанда ушунчалык мокочо кылып жатышканын түшүнүш керек. Бизде тилекке каршы, ушундай деп эсептегендердин көбү түндүктө. Анткени аймактарда мындай маселелер жок. Көбүнесе бул масса аны коррупционер деп эсептешет, ошол эле учурда таптакыр башканы айтып турган фактыларды эске алышпайт», — деп билдирди ал маегинде.

Андан кийин Канатбек Азиз өзү кыргызстандыктарды соцтармактарда айткан сөздөрү үчүн «ыпластыкты» токтотууга жана аймактарга бөлүнбөөгө чакырган.

Мындан тышкары, Канатбек Азиз жана анын кесиптеши Таалайкүл Токтакунова 2017-жылы басма сөз жыйындардын биринде Бишкекке жакын кыштакка кулаган учактагы жүктөр Алмазбек Атамбаев жана анын аялына таандык деп айтып чыгышкан. Сөздөрү куру болбошу үчүн далил катары документтерди көрсөтүшкөн.

Атамбаев Канатбек Азиз жана Таалайккүл Токтакунованы сотко берип, алардын билдирүүсү анын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтиргенин айткан. Сот аларды Атамбаевге 10 млн сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген. Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин бул чечим жокко чыгарылган.

Канатбек Азиз Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин дагы кызыкчылыгын коргогон.