Париждеги Олимпиадалык оюндарга даярдануу үчүн 15 спортчуга ай сайын 500 доллардан төлөнөт

Кыргызстандын улуттук олимпиадалык комитети 15 спортсменге стипендия алууга сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу Фейсбук барагы комитеттин президенти Садыр Мамытов билдирди.

Анын айтымында, спортсмендерге 2024-жылдын 31-августуна чейин ай сайын, башкача айтканда, Парижде өтө турган Олимпиадалык оюндар башталганга чейин 500 доллардан төлөнүп турат.

Мамытов стипендия атлеттерге Олимпиада оюндарына эффективдүү даярданууга көмөк болот деп эсептейт.

Стипендия ала тургандардын тизмесине кирген спортчулар:

Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү);

Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү);

Алибек Осмонов (эркин күрөш);

Бекболот Мырзаназар уулу (эркин күрөш);

Эрназар Акматалиев (эркин күрөш);

Айсулуу Тыныбекова (айымдар күрөшү);

Мээрим Жуманазарова (айымдар күрөшү);

Айпери Медет кызы (айымдар күрөшү);

Кальмира Билимбекова (айымдар күрөшү);

Владимир Золоев (дзюдо);

Нурсултан Кенешбеков (жеңил атлетика);

Гульшаной Сатарова (жеңил атлетика);

Денис Петрашов (чабак уруу);

Бекдоолот Расулбеков (оор атлетика);

Нурадин Рустамбек уулу (бокс).

Буга чейин, олимпиадалык комитетинин жетекчисинин белгилегендей, стипендия болгону 10 спортчуга төлөнүп келген.