ССМ: Таманына мык кирип кеткен соң чарчап калган бала убагында сенекке каршы эмделген эмес

25-августта Бишкектеги инфекциялык ооруканада беш жашар бала чарчап калды. Алгач ал таманына мык кирип, Токмок шаарындагы бейтапканага жаткырылып, сенек (столбняк) диагнозу коюлган.

Саламаттык сактоо министрлиги беш жашар бала сенек оорусуна каршы толук эмдөөдөн өтпөгөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, бала төрөт үйүндө гана эмдөөдөн өтүп, калган вакцинаны алган эмес. Министрликтен баланын ата-энеси аны эмдетүүдөн баш тартып койгон деп белгилешти.

Эмне болду эле?

Баланын апасы мындан он күн мурда баланын бутуна мык кирип кетип, алгач аксап, кийин дене табы көтөрүлүп, тамагы ооруп баштаганын айткан. Баланын абалы начарлап кеткенде Токмоктогу ооруканага алып барышкан.

Дарыгерлер балага сенек деген диагноз коюп, аны 23-августта оор абалда Бишкектеги инфекциялык ооруканага жеткиришкен. Саламаттык сактоо министрлиги баланын оорусу өрчүшүп кеткендиктен чарчап калганын белгилешти.

Кыргызстанда балдарды вакцинациялоо Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан Улуттук календардын негизинде жүргүзүлөт. Ага ылайык, ар бир бала төрөлгөндөн тартып түрдүү жугуштуу жана кооптуу илдеттерге каршы бекер вакцина алып турушу шарт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аныктамасы боюнча эмдөөлөр медицинанын жалпы тарыхында жугуштуу оорулардан, алардын өлүмүнөн жана майыптыгынан сактоочу натыйжалуу чара болуп саналат.

Бирок айрым ата-энелер диний көз караштан улам балдарын эмдөөдөн баш тарткан учурлар кездешет. Кээде ымыркайларды төрөт үйүнөн баштап эле эмдетүүдөн баш тарткан учурлар да болгон. Бирок аалымдар Ислам дини эмдөөгө каршы эмес экенин айтып келишет.

Тема боюнча:

Ата-энелердин эмдөөгө каршы чыгуусу – балдардын укугун бузууга жатат