Ош облусунда 15 мугалимге там салуу үчүн жер тилкелери берилди

Ош облусундагы 15 мугалимге үй салуу үчүн жер тилкелерин алууга сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу 26-августта облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан сырткары «Алтын Тамга», «Алтын сертификаттын» ээлерине, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө, алар окуган орто мектептерге жана мугалимдерине акчалай сыйлык жана ардак грамоталар тапшырылды.

Ошондой эле, облустагы мыкты мектеп жана бала бакчалар аныкталып, өкүлчүлүк тарабынан 10 миң сомдон турган акчалай сыйлык жана дипломдор берилди.

Өткөн жылы ушундай эле жер тилкелери облустун жаш мугалимдерине берилген.

Анда Кара-Суу жана Өзгөн районунан беш, Чоң-Алай районунан үч мугалим жер тилкесине ээ болгон. Ал эми Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүндөгү мугалимге жер там белекке берилген.


ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Облустун жаш мугалимдерине жер тилкелери жана батир белекке берилди