Бишкекте өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө арналган мурал пайда болду. Бул тууралуу basicolors чыгармачыл тобунун автору Виктор Цой Инстаграм баракчасына жарыялады.
Сүрөт Осмонкул менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги дубалга тартылган. Анда оймо-чиймелердин фонунда эгемендик деген жазууну жана Кыргызстандын желегин көтөрүп турган улуттук кийимчен кыз түшүрүлгөн.
«Мен эгемендүүлүк бул — тандоо эркиндиги жана мамлекеттин гана эмес, өлкөнүн ар бир жаранынын өнүгүү жолун өз алдынча аныктоо мүмкүнчүлүгү экенин көрсөткүм келди», — дейт долбоордун автору.
Буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата имараттын дубалына кыргыз туусу түшүрүлгөн сүрөттү чагылдырган.
Өлкөнүн желеги түшүрүлгөн сүрөт имаратта 26-августтан 2-сентябрга чейин күйүп турат.