Видео: АКШ элчилигинин имаратына Кыгызстандын туусу түшүрүлгөн сүрөт чагылдырылат

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата имараттын дубалына кыргыз туусу түшүрүлгөн сүрөттү чагылдырышты.

Элчиликтин маалыматка ылайык, өлкөнүн желеги түшүрүлгөн сүрөт имаратта 26-августтан 2-сентябрга чейин күйүп турат.

«Эгемендүүлүк күнүнө карата элчилигибиздин дубалын жарыктандырып жатканыбызга кубанычтабыз! Бул эки элдин достугунун жана АКШнын Кыргызстандын көз карандысыздыгы жана эгемендигин колдой турганынын айкын символу», — деп белгилешти элчиликтен.

Быйыл 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүк алганына 31 жыл болот. Өлкө боюнча майрамга карата иш-чаралар өткөрүлөт. Ал эми борбор калаада Ала-Тоо аянтында парад болуп, ырчылардын коштоосунда өтөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан: Эгемендүүлүктүн 30 жылы сандар менен

Сүрөт баян: Бишкектеги Эгемендүүлүк күнүнө арналган парад кандай болду?