Бир видео менен: Мирбек Атабеков «Мурастын» ремиксин ырдады

Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков «Мурас» ырынын ремиксин ырдады. Ал унаада баратып ырдаган видеосун 28-августта Инстаграмына жарыялады.

Атабеков ырын америкалык рэпер-продюсер Dr.Dreнин Still D.R.E. композициясынын битинин коштоосунда аткарган.

Патриоттук сезимдеги «Мурас» ыры 2017-жылы жарык көргөн. Азыркы учурга чейин ал YouTube’да 16 миллионго жакын көрүү топтогон.