Каракол: Милиция аялын сабаган кишиге кылмыш ишин козгоду

Караколдун тургунун күйөөсү сабап, өлтүрөм деп коркуткан. Бул тууралуу Инстаграм барагында укук коргоочу Камиль Рузиев билдирди.

Ал зомбулуктан жабыркаган 25 жаштагы келин жардам сурап «Вентус» коомдук бирикмесине кайрылганын жазды.

«Жабырлануучуга Стамбул протоколу боюнча медкароодон өтүүгө, кылмыш ишин козготуп иликтөөгө, аны жабырлануучу катары таанууга жардам бердик. Күйөөсү аялын мас абалда төрт жолу сабаганын мойнуна алды. Айыптоо актысы Караколдун прокурорунда», — деп кабарлады Рузиев.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБнен «Клооптун» кабарчысына жабыркаган келин милицияга 15-августта арыз жазганын билдиришти. Факт каттоого алынып, экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен «Ден соолукка жеңил зыян келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, кылмыш иши 29-августта Каракол шаардык сотунун кароосуна жөнөтүлгөн.

Аялдарды өлтүрүү

Кыргызстанда аялдарды көбүнесе эркектер өлтүрөт — орточо эсеп менен ал он кылмыштын сегизин түзөт. Аялдарды көбүнесе күйөөлөрү, жыныстык өнөктөштөрү, бирге жашаган адамдары өлтүрөт — муну фемицид деп атап коёт.

Кыргызстанда фемицид түздөн-түз үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепети экени аныкталган. Үй-бүлөдөгү кол салуучулар аялдарды сабап жазасыз калат. Аялдарды кордоо баары зордук-зомбулук, көбүнчө аялдын, сейрек учурда эркектин өлүмү менен аяктамайын узак жылдарга улана бериши мүмкүн.

Адатта аял кишинин эркек киши тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат. Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча 2021-жылга карата глобалдык индекстин (WPS Index) рейтингине ылайык, Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса өлкөнүн кризистик борборлоруна жардам сурап кайрылыңыз.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.

Тема боюнча окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Сен эч нерсеге татыбайсың!». Зомбулукка кабылган кыргызстандык үч майып аялдын окуясы