Талас: Милиция 19 жашар кызды зордуктоого шектелген адамды кармады

Милиция Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында 19 жашар кызды зордуктоого шектелген адамды кармады.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, жабыркаган кыз милицияга 10-августта кайрылган. Ал 5-февраль күнү кечинде Майрамбек деген киши күч менен унаасына салып, белгисиз жерге алып барып зордуктаганын айтып берген.

Факт маалыматты каттоо журналына киргизилип, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Текшерүү учурунда милиция 1979-жылкы шектүү адамды кармаган.

Натыйжада милиция «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Шектүү Талас ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иш боюнча тергөө уланып жатат.